Кыргыз Республикасы жана Япония эмгек миграциясы, инфраструктура, транспорт жана туризм чөйрөлөрүндөгү кызматташууну тереңдетүүдө

18 Апрель 2025
Кыргыз Республикасы жана Япония эмгек миграциясы, инфраструктура, транспорт жана туризм чөйрөлөрүндөгү кызматташууну тереңдетүүдө

2025-жылдын 17-апрелинде Токио шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясынын расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабировдун жана Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Б.Э. Кудайбердиевдин Япониянын Саламаттык сактоо, эмгек жана бакубаттык министри Ники Хиробуми мырза жана Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министри Накано Хиромаса мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Тараптар белгилүү көндүмдөргө ээ жумушчуларды (SSW) тартуу программасын ишке ашыруу, ошондой эле эмгек миграциясы, транспорт, инфраструктура жана туризм тармактарындагы эки тараптуу кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз тарап жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Япониянын эмгек рыногунун талаптарына ылайык эмгек ресурстарын тандап алуу жана даярдоо процессин тийиштүү деңгээлде камсыздоого даяр экенин билдирди. Ошондой эле SSW программасынын алкагында кызматташуу багыттарын кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Япон тарап бул программанын алкагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын уюшкан түрдө жумушка орноштуруу процесстерин институттук бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалап, кыргыз жарандары үчүн кошумча багыттарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар өз ара урмат-сыйга, ишенимге жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизделген туруктуу, ачык-айкын жана этикалык эмгек миграциясы тутумун түзүү ниетин эмгек  дагы бир жолу тастыкташты.