- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жаңы горизонт тор: Кыргыз-япон өнөктөштүгүнүн багыттары — эмгек миграциясы, адистерди даярдоо, санарип технологиялар жана туризм /
Жаңы горизонт тор: Кыргыз-япон өнөктөштүгүнүн багыттары — эмгек миграциясы, адистерди даярдоо, санарип технологиялар жана туризм

2025-жылдын 16-апрелинде Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров жана Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Б.Э. Кудайбердиев Японияда эмгекке орноштуруу, кесиптик билим берүү жана чет өлкөлүк адистерди жапон коомчулугуна интеграциялоо тармактарында алдыңкы уюмдар менен мазмундуу жана конструктивдүү жолугушууларды өткөрдү.
Биринчи жолугушуу Японияда чет өлкөлүк студенттерди ийгиликтүү ишке орношууга даярдоо боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар Yakuzemi билим берүү уюму менен өттү. Кыргыз тарап жапон эмгек рыногунун талаптарына жооп берген квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Айрыкча тил үйрөтүү, кесиптик адаптация жана стажировка программаларына өзгөчө көңүл бурулду. Япон тарап Кыргыз Республикасынын демилгесин жогору баалап, билим берүү жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин ырастады.
Ошондой эле кыргыз адистерине коштоп жүрүү кызматын көрсөткөн Skill Way Cooperative кооперативи менен биргелешкен билим берүү программаларын ишке киргизүү жана мыйзамдуу ишке орношуу үчүн туруктуу каналдарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Кыргыз Республикасынан келген талапкерлердин жогорку деңгээлдеги даярдыгы белгиленип, бул жагдай Япония тараптын кесиптик билим берүү жана ишке орноштуруу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон кызыгуусун арттырды.
NAGOMI ассоциациясы менен жолугушуу учурунда чет өлкөлүк кызматкерлердин укуктарын коргоо, адаптация жана интеграция процесстериндеги негизги ролу баса белгиленди. Кыргыз делегациясы маалыматтык-билим берүү демилгелерин биргеликте ишке ашырууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде япон тарап Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жаатындагы активдүү позициясын оң баалап, эки тараптуу долбоорлордун алкагында мындан ары да кызматташууну улантууга ниетин билдирди.
Иш сапардын алкагында жогорку технологиялык жана өнөр жай тармактарындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. SK Group компаниясынын энергетикалык бөлүмү менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын адистерин Япониянын технологиялык жана өндүрүш тармактарында даярдоо жана ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Миграциялык процесстерди санариптештирүү жана технологиялык өнөктөштүктүн багыттары өзүнчө блок катары каралды. Япон тарап пилоттук долбоорлорду баштоого даяр экенин билдирип, энергетика жана санариптик чечимдер жаатындагы кыргыз адистеринин потенциалын жогору баалады.
Кыргыз тарап жогоруда көрсөтүлгөн бардык багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин дагы бир жолу ырастады жана узак мөөнөттүү, туруктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн стратегиялык маанисин баса белгиледи. Япон өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын ачык жана демилгелүү позициясын жогору баалап, эки тараптуу кызматташуунун туруктуу өнүгөрүнө ишенимин билдиришти.







