Кыргызстан менен Япониянын эмгек миграциясы, туризм жана санариптик технологиялар жаатындагы кызматташуусун кеңейтүү

16 Апрель 2025
Кыргызстан менен Япониянын эмгек миграциясы, туризм жана санариптик технологиялар жаатындагы кызматташуусун кеңейтүү

2025-жылдын 15-апрелинде Японияга болгон расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров жана Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Б.Э. Кудайбердиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү. Бул жолугушуулар эмгекке орноштуруу, туризмди өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана миграциялык процесстерди санариптештирүү боюнча кызматташууну бекемдөөгө багытталган.

IM Japan уюмунун президенти мырза Хитоши Канамори менен болгон сүйлөшүүлөрдө тараптар эмгек миграциясы жаатында кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Министр Р.А. Сабиров жылуу кабыл алгандыктары үчүн ыраазычылыгын билдирип, быйыл январь айында кол коюлган Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду кызматташууну институтташтыруунун негизи катары белгиледи. Кыргыз тарап Японияга эмгек мигранттарын кабыл алуу үчүн квоталарды көбөйтүү, кесиптик багыттарды санариптик технологиялар жана робот техникасы тармактарына чейин кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында IM Japan окуу борборун ачуу боюнча демилге көтөрдү.

Япон тарап кыргызстандыктардын потенциалын жогору баалап, техникалык стажёрлордун эмгек келишимдерин бир жылдан үч жылга чейин узартууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын «Айрым атайын көндүмдөрү бар жумушчу» (SSW) мамлекеттик программасынын алкагында көбүрөөк кабыл алууга даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында маалымат алмашууну күчөтүү, кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча биргелешкен жол картасын иштеп чыгуу тууралуу макулдашууга жетишилди. Ошондой эле пилоттук стажировкаларды ишке киргизүү пландалды.

Сапардын алкагында Япониядагы көп жылдардан бери иштеп келе жаткан туристтик компаниялардын бири — Nippon Travel Agency жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу учурунда тараптар эмгек мобилдүүлүгү, билим берүү жана туризм жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзгөн Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Министр кыргызстандыктардын жогорку кадрдык потенциалына жана жаштардын, өзгөчө туризм, мейманкана сервис жана кардарларга кызмат көрсөтүү тармактарында эл аралык стажировкаларга кызыгуусуна токтолду. Япон тарап кыргызстандыктарды, эгерде япон тилин билсе, өнөктөш тармактары аркылуу ишке алууга даяр экендигин тастыктап, ошондой эле Япония жарандарынын Кыргызстанга болгон кызыгуусунун өсүшүн эске алуу менен эки тараптуу туризмди өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирди.

Сапардын соңунда Transaction Media Networks Inc. компаниясынын башкы директору Алекс Атсуши Отака мырза менен сүйлөшүүлөр өттү. Сүйлөшүүнүн өзөгүн миграциялык процесстерди санариптештирүү, IT-чечимдерди киргизүү жана электрондук жумушка орноштуруу тармагындагы биргелешкен долбоорлор түздү. Кыргыз тарап бул багытта булуттуу технологияларды, электрондук төлөм системаларын жана санарип платформаларды колдонууга кызыкдар экендигин билдирип, чет өлкөлөргө ишке орноштуруу процесстерин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууну белгиледи. Өзгөчө көңүл жаш IT-адистерди кесиптик даярдоого, Японияда окуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана пилоттук санарип демилгелерин ишке киргизүүгө бурулду.

Япон компаниясы Toyota жана Mitsubishi сыяктуу корпорациялар менен кызматташуунун негизинде иштелип чыккан технологиялык чечимдерин сунуштап, кыргыз адистерин жумушка алууга жана тажрыйба алмашуу үчүн эксперттерди жөнөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле Кыргызстанда санарип инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Бардык жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар өкмөттөр аралык жана жеке сектор деңгээлинде кызматташууну тереңдетүүгө өз ара кызыгуусун билдиришти. Өзгөчө туруктуу өнүгүүгө, билим жана тажрыйба алмашууга жана эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн жогорулатууга басым жасалды.