- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарын Улуу Британияда визалык алымдардын жогорулашы тууралуу маалымдайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарын Улуу Британияда визалык алымдардын жогорулашы тууралуу маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарын Улуу Британияда визалык алымдардын жогорулашы тууралуу маалымдайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн чечимине ылайык, 2025-жылдын 9-апрелинен тартып визаларды берүү боюнча жаңы тарифтер күчүнө киргенин маалымдайт.
Айрыкча, «Сезондук жумушчулар» (Temporary Work – Seasonal Worker) категориясы боюнча визалык жыйым 298 фунт стерлингден 319 фунт стерлингге чейин жогорулаган.
Белгилүү болгондой, өзгөртүүлөр жогоруда аталган категорияга гана эмес, туристтик визаларды кошкондо башка виза түрлөрүнө да тиешелүү.
Ушуга байланыштуу, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда эмгектенүүнү пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына документтерди даярдоодо жана каржылык чыгымдарды пландаштырууда визалык саясаттагы актуалдуу өзгөрүүлөрдү эске алууну сунуштайт.
Кошумча маалыматты Улуу Британия Өкмөтүнүн расмий сайтынан (https://www.gov.uk/government/publications/visa-regulations-revised-table/home-office-immigration-and-nationality-fees-9-april-2025), ошондой эле Борбордун www.migrant.kg сайтынан алууга болот.