- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Корей тилин билүү боюнча тесттин экинчи этабы Skills Test, өткөрүлө турган дарегин жана графигин /
Корей тилин билүү боюнча тесттин экинчи этабы Skills Test, өткөрүлө турган дарегин жана графигин

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тестирлөөнүн Skills-Test экинчи этабын жарыялайт.
📍 2025-жылдын 19-20-апрелинде Бишкек шаарында корей тилин билүү боюнча сынактын биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн жарандар үчүн Skills-Testтин экинчи этап өтөт.
📌 Skills-Test Корея Республикасында уюштурулган ишке орноштуруу программасынын милдеттүү этабы болуп саналат.
Тестирлөө төмөнкү дарек боюнча өткөрүлөт:
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи, көч. Горький, бекитилген график боюнча 18 дареги боюнча бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.
(https://2gis.kg/bishkek/firm/70000001019348944)
🌐 Катышуучулардын тизмеси www.migrant.kg сайтынын "Жаңылыктар" бөлүмүндө.
Катышуучулар үчүн маанилүү маалымат:
✅ Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү документтерди көрсөткөндө гана катыша алышат:
• Жалпы жарандык (загран) паспорттун түп нускасы (ички паспорт же телефонго эл аралык паспорттун сүрөтү кабыл алынбайт).
📅 Тесттин графиги:
• Тестирлөөнүн датасы жана убактысы белгиленген графикке ылайык тизмеде көрсөтүлөт.
• Катышуучу белгиленген убакытка кечигип калса, ал тестке киргизилбейт!!!
❗ МААНИЛҮҮ:
🚦 Мүмкүн болгон унаа тыгындарынан улам тестирлөө өтүүчү жерге чейинки маршрутту алдын ала пландаштырып коюуңуздарды суранабыз.
🔄 Тестке өз убагында келүү үчүн альтернативдүү маршруттарды тандап, мүмкүн болгон кечигүүнү эске алууну сунуштайбыз.
Кошумча упайлар
Кошумча упайларды алуу үчүн төмөнкү документтердин сүрөтүн же скан көчүрмөсүн ctgr30102002@gmail.com электрондук дарегине 10-апрелге чейин жөнөтүңүздөр:
🔹 Орто-кесиптик же жогорку билими тууралуу диплом (өндүрүш тармагына байланыштуу) – 1 упай.
🔹 Квалификацияны тастыктаган сертификаттар – 1 упай.
🔹 Өндүрүш тармагында иштеген тажрыйбаны тастыктаган документтер (эмгек китепчеси) – 3 упай.
Маанилүү! Бардык документтер өндүрүш тармагы менен түз байланыштуу болушу керек.
❗ Кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн баалоо бардык керектүү документтерди түп нускада берген талапкерлер үчүн гана жүргүзүлөт.
Кошумча маалыматты www.migrant.kg сайтынан же Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан алса болот.