- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Борбордун жетекчилигинин Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы консулу менен жолугушуусу: Кызматташтыкты чыңдоо /
Борбордун жетекчилигинин Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы консулу менен жолугушуусу: Кызматташтыкты чыңдоо
2024-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунда Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы консулу Догукан Озеги мырза менен Борбордун жетекчилигинин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган маселелер талкууланды.Баарлашууда эмгек миграциясына өзгөчө басым жасалып, маалымат алмашуу жаатындагы өз ара кызматташуу жана кыргызстандыктардын Түркияда жумушка орношуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү негизги тема болду.
Борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев конструктивдүү мамилеге жана диалогго даяр экендиги үчүн Догукан Озеги мырзага ыраазычылык билдирип, мындай кызматташтык эки өлкөнүн ортосундагы миграциялык процесстерди жана экономикалык өнөктөштүктү жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгиледи.
Тараптар кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин ырасташып, өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жолугушуу эки өлкөнүн эмгек миграциясы жаатындагы кызматташуусун кеңейтүүгө бекем пайдубал түптөп, Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жумушка орношуу шарттарын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болду.